Коом
«Бандит» рейдинин жүрүшүндө 44 адам кармалды

Кара-Суу районундагы «Бандит» рейдинин жүрүшүндө 44 адам милиция бөлүмүнө жеткирилди.
Маалымат боюнча, операция уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз аракеттерин аныктоо жана алдын алуу максатында өткөрүлдү.
Мурда соттолгон жарандар менен профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Кармалгандардын тогузу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү болгон.
Эгерде кандайдыр бир кылмыш иштери уланса же жаштарды мыйзамсыз иштерге тартуу аракеттери көрүлсө, аларга мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөрү эскертилди



