“Жүрөгүбүз ооруп, терең кайгыруу менен Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга жана Газадагы гуманитардык кризиске байкоо жүргүзүп жатабыз. Кыргызстан тараптарды курмандыктарга жана карапайым элге каршы зордук-зомбулукка жол бербөө үчүн чараларды көрүүгө, согушту тез арада токтотууга жана сүйлөшүүлөрдү создуктурбай баштоого чакырат”, — деди президент Ташкентте өткөн Экономикалык Кызматташтык Уюмунун саммитинде.
Кыргызстан “эки мамлекет” принцибине негизделген Коопсуздук кеңешинин жана БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюцияларына ылайык, жаңжалды жөнгө салуу боюнча дүйнөлүк коомчулуктун күч-аракеттерин бириктирүүнү жактайт.



