Маданият
Нурайым Акылбекова концертине Биржан Байболду киргизбей койду

Кечээ, 25-сентябрда Бишкектеги Улуттук филармонияда ырчы Нурайым Акылбекова жеке концертин берди.
Социалдык тармактын колдонуучулары концерт учурунда чогуу ырдап жүргөн Биржан Байболду ак элечек кийген апа менен кошо киргизбей койгонун жазышып, видео менен бөлүшүштү.
Биржан Байбол өзү кирбей калганын тастыктап, «ошондой болуп калды» деди.
Нурайым Акылбекованын өзү жогорудагы окуя боюнча үн ката элек.



