Коом
Шашылыш билдирүү! Үшүк жүрөт

14-ноябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде абанын температурасы 0…-2 градуска төмөндөп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.
Бул күндөрү өлкөнүн түндүк аймактарына да суук түшүп, үшүк жүрөрү маалым болду. 14-ноябрь түнкүсүн Чүйдө абанын температурасы 0…-2 градус, Таласта -1…-3, Ысык-Көлдө 0…-5, Нарын облусунда -5…-7 градуска чейин төмөндөйт.
Кыргызгидромет үшүк жыйналбаган мөмө жана жашылча жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка үчүн коркунучтуу экенин эскертти.



