85 жылдыгын белгилеп жаткан кыргыз парламенти башынан кандай күндү өткөрдү

Фактылар:
▫️Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин биринчи чакырылышы 1938-жылы түзүлүп, 284 депутат шайланган. Арасында калкка кадыр-баркы бар саанчы, малчы жана шахтерлор болгон. Алар Улуу Ата Мекендик согуштан улам 1946-жылга чейин иштеген.
▫️Союз маалындагы депутаттар 4 жыл сайын шайланган. Алардын 3/1 аялдар, 4/1 интеллигенция өкүлдөрү жана 40% жумушчулардан турган.
▫️1970-жылдары депутаттардын саны 350гө жеткен.
▫️Айлык түшүнө кирбеген. Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаттарына маяна, кызматтык унаа, батир берилген эмес. Жардамчылары дагы жок болгон шартта 1994-жылга чейин иштешкен.
▫️Эгемен тарыхта президент шайлаган жападан жалгыз чакырылыш, “легендарлуу парламент” аталып калды. Курамында койчу, саанчыдан тарта илимпоз, маданият өкүлдөрүнө чейин болгон. Алардын иши эгемендүүлүк алган жылдарга туш келди.
▫️Жогорку Кеңеш 3 жолу төңкөрүш болгондо өлкөнү укуктук талаага кайтарып келген.
▫️2005-жылдын башында президент Аскар Акаевдин уулу Айдар, кызы Бермет да «Алга, Кыргызстан» партиясы аркылуу депутат болуп шайланган. Бул Акаевдин эң чоң катасы болгонун айтышат.
▫️Курманбек Бакиев менен Жогорку Кеңештин ортосундагы тирештин айынан III чакырылыш 2007-жылдын октябрында мөөнөтүнөн мурда таркатылган.
▫️Бул убакыт аралыгында депутаттар Баяман Эркинбаев, Тынычбек Акматбаев, Жыргалбек Сурабалдиев киши колдуу болуп, 2006-жылы Өмүрбек Текебаев Польшадан “героин менен кармалган”. Муну кийин президенттин иниси Жаныш Бакиев уюштургандыгы аныкталган эле.
▫️2010-жылы Кыргызстан парламенттик-президенттик башкарууга өтөт. V чакырылыштын депутаттары иштеген маалда беш премьер-министр ээрден оодарылган. Аны менен катар 15ке чукул парламентарийге кылмыш иши козголгон.
▫️VI чакырылыш мөөнөтүн бир жылдан ашык узартып, үч президент менен иштешип элдин эсинде калды.
▫️2020-жылы өлкө кайра президенттик башкарууга өтүп, 120 депутат 90го кыскарды.



