Коом

УКМКнын Чүй облусу боюнча Панфилов райондук бөлүмүнүн жаңы имаратыны ачылды — ФОТО

Бүгүн, 2023-жылдын 17-ноябрында, Панфилов районунун Кайыңды шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Панфилов райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын расмий ачылыш аземи болуп өттү.

Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз борборунан билдиришти.

Имаратты салтанаттуу ачуу аземине Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – КР УКМК төрагасы генерал-лейтенант К.К.Ташиев жана Панфилов районунун акими Б.К.Масаидов, башкармалыктын өздүк курамы жана ардагерлери катышты.

Жаңы имарат бардык заманбап талаптарга жооп берет жана улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин натыйжалуу ишин уюштуруу үчүн керектүү жабдуулар менен камсыздалган.

Өз кезегинде УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев  өлкөдө улуттук коопсуздукту камсыз кылууда, мыйзамдуулукту жана укук тартибин чыңдоодо, мыйзам бузууларды жоюуда улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине жүктөлгөн милдеттерди жогорку кесипкөйлүк менен аткаруу зарылдыгын белгиледи.  

Мындан тышкары мамлекеттик кызматкерлердин арасындагы коррупция жана уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу, мыйзамсыз диний-экстремисттик жана террористтик уюмдарга байланыштуу маселелерди козгоп, калкты сак болууга жана ар кандай салттуу эмес агымдарга аралашпоого чакырды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button