Коом

Милиционерлер Ысык-Көлдө туристтердин адашып кеткен 4 жаштагы баласын таап беришти

2023-жылдын 19-июль күнү болжол менен саат 14:30 чамасында Ысык-Көл облусундагы “Алтын-Көл” эс алуу жайында коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо кызматында жүргөн ИИМдин Атайын багыттагы полкунун 2-батальонунун кызматкерлери милициянын старшинасы Санжар Эшалиев менен милициянын прапоршиги Максат Болотбековго Россиядан келген туристтер 4 жашар баласын жоготуп алгандыгын айтып, жардам сурап кайрылган.


Ошол замат полктун кызматкерлери эс алуу жайдын айланасын издешип, тапкан соң баланы аман-эсен ата-энесине өткөрүп берген. Милиция кызматкерлеринин ыкчам иш-аракетине Россиядан келген туристтер ыраазычылык билдирген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button