Окуялар

Ысык-Атада жол кырсыктан 52 жаштагы эркек жана аял көз жумду — ФОТО

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жол кырсыктан эки киши көз жумду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Каргаша Бишкек — Нарын — Торугарт айланма жолдун 51-чакырымында, Кең-Булуң айылы тарапта катталган.

Анда Ford Mondeo үлгүсүндөгү жеңил автоунаанын айдоочусу рулга ээ боло албай бетон тосмону сүзгөн. Каза болгондор 52 жаштагы аял менен эркек киши болгон.

Жерине Токмок шаарынан төрт куткаруучу тартылып, көз жумгандардын сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button