Коом

УКМК: Бишкек жана Чүй облусунда контрафакттык алкоголдук продукцияларды чыгарган жашыруун цехтер аныкталды — ФОТО

Бул тууралуу  УКМКнын Басма сөз борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай УКМК жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы этил спиртин жана алкоголдук продукцияны чыгарууну жана соодасын контролдоо боюнча мамлекеттик агентство кызматынын кызматкерлери тарабынан контрафакттык алкоголдук продукцияны өндүрүү жана сатуу иштерине бөгөт коюлду.

2023-жылдын 17-ноябрында Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында өндүрүштүк масштабдагы алкоголдук продукцияны мыйзамсыз өндүрүү, сактоо жана сатуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, «Береке универсал» соода борборунда күмөндүү акциздик маркалары бар даяр алкоголдук продукциянын ири партиясы табылган.

— 12159 даана өлчөмүндө алкоголдук продукция;

— 4676 даана күмөндүү акциздик маркалар;

— 474,5 литр спирт;

— 7000ден ашык энбелгилер;

— 889 литр (самогон) алкоголдук продукция;

— 3 даана алкоголдук ичимдиктерди даярдоочу аппарат.

Учурда кылмыш ишин козгоо үчүн маанилүү болгон иштин бардык жагдайларын аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button