УКМК: Бишкекте министрлер кабинетинин 2023-2027-жылдарга экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын ишке ашыруу боюнча тегерек стол өттү

2023-жылдын 21-ноябрында Бишкек шаарында УКМКнын Терроризмге каршы борбору “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-мартындагы №141 бекитилген 2023-2027-жылдарга экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын ишке ашыруу жөнүндө жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы” деген темада тегерек стол өткөрдү.
Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз кызматынан билиришти.
Маалыматта айтылгандай, бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппаратынын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын, мамлекеттик жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана эксперттер катышты.
Иш-чаранын максаты — Программанын жана Иш-чаралар планынын максаттарын жана негизги багыттарын, натыйжалуу ишке ашыруунун тартибин жана механизмдерин, ошондой эле бул стратегиялык документтерди ишке ашырууда катышкан негизги мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүдө жана аткарууда тиешелүү маалыматтар менен алмашуу болду.

Сунушталган Программа жана Иш-чаралар планы Кыргыз Республикасынын экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик саясатын бул чөйрөдө өз ара аракеттенүү механизмдерин өркүндөтүү жана мамлекеттик органдардын экстремизмден жана терроризмден келип чыккан тобокелдиктерге жана коркунучтарга натыйжалуу каршы туруусун камсыз кылуу боюнча чаралардын комплексин ишке ашырууну, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсүн жана координациясын камтыйт.
Бул иш-чара ЕККУнун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен иштиктүү жана конструктивдүү маанайда өттү.







