ИИМ:Нурбек Абдиев ыкчам кызматтардын башчылары менен кеңешме өткөрдү

2023-жылдын 21-ноябрында Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратында ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев жетектеген кызматтардын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгү боюнча кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеде ыкчам кызматтардын (КИББ, БМЖККК, ЭММКАК) 2023-жылдын 10 айында аткарган иштеринин жыйынтыгы чыгарылып, артыкчылыктуу багыттары белгиленип, ар бир багыттагы жетишкендиктер менен кетирилген кемчиликтер талдоого алынды.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысы Каныбек Абдырахманов өз баяндамасында кылмыш иликтөө багыты боюнча жасалган кылмыштардын жалпы санынын 55%дан ашыгын башка бирөөнүн мүлкүн уурдоо түзүп жатканын белгиледи.
“2023-жылдын 10 айында ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан башка бирөөлөрдүн мүлкүн уурдоо боюнча 7 миңден ашуун фактылардын бети ачылган. 10 айдын ичинде мүлктү уурдоо боюнча 15 миң 460 кылмыш иши козголуп, 240 кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлган. Уурулук фактылары боюнча 2900дөн ашык адам кармалып, мыйзамсыз аракеттери үчүн жоопко тартылууда. Мындан тышкары, алдамчылык боюнча кылмыштын бетинин ачылышы былтыркы жылга салыштырмалуу 2,9 %га өскөн”,- деди ИИМдин КИИББдин башчысы Каныбек Абдырахманов
Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү да иштин негизги багыттары катары аныкталды.
Ички иштер министринин башчысынын орун басары Нурбек Абдиев коомдун орчундуу көйгөйлөрүнүн бири катары баңги кылмыштуулук менен күрөшүүгө өзгөчө көңүл бурду.
«Заманбап дүйнөдө баңгизаттарга байланышкан актуалдуу көйгөйлөр бар. Бул көз карандылыктан жыл сайын миллиондогон адамдар өлөт. Баңгизатын колдонгондордун көбү жаштар жана өспүрүмдөр. Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин алдында татаал тапшырма-жаш муундарды бул кырсыктан коргоо милдети турат. Ал эми биз бул коркунуч менен активдүү күрөшүшүбүз керек”,-деди ИИМ башчысынын орун басары Нурбек Абдиев.
Кеңешмеде башка көптөгөн маселелер талкууланып, ыкчам кызматтардын жетекчилеринин отчеттору угулуп, артыкчылыктуу багыттар белгиленди.



