Коом

Кыргыз-Орус-Славян университетинде “Кытай тили жана маданияты” борборунун ачылыш аземи болуп өттү — ФОТО

Бүгүн, 21-ноябрда саат Кыргыз-Орус Славян университетинде жаңыланган “Кытай тили жана маданияты” борборунун ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.

Бул иш-чарага университеттин жетекчилиги, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы  атайын ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь айым, Кыргызстандагы кытайлык компаниялардын өкүлдөрү, Кытай Эл Республикасынын салттуу спорт түрлөрү боюнча федерациясынын жетекчилери катышты.  Андан тышкары  КРСУнун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын окутуучулары жана студенттер катышып, иш чара жылуу маанайда өттү

КРСУнун ректору Д.В. Фомин-Нилов, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь айым, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин  Конфуций институтунун директору Г.Т. Исаматова, Борбордук Азиядагы Шэньси провинциясынын кытайлык ишкерлер ассоциациясынын төрагасы Ван Куанган мырза катышып, пикир алышуу болду.

Ачылыш аземинин программасына ошондой эле студенттердин концерти жана КРСУнун Тарых-архитектура музейине барышты.

КРСУнун Окумуштуулар Кеңешиндеги салтанаттуу бөлүктөн кийин жыйындар залында Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь айымдын «Бир алкак –  Бир жол» темасында ачык лекциясы өтүп , анын жүрүшүндө Кытай Эл Республикасынын элчиси аудиториянын суроолоруна жооп берлди. Андан соң Кытай Эл Республикасынын элчиси Ду Дэвэнь айымга Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин ардактуу докторунун дипломун жана халатын салтанаттуу түрдө тапшыруу аземи өттү.

Кыргыз-Ору-Славян  окуу жайындагы бүгүнкү салтанаттуу иш чара жылуу маанайда өтүп, катышуучулар менен студенттердин ортосунда суроо жооп жана баарлашуу болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button