Коом
Өзгөндө Койчу датканын айкели орнотулуп, ачылышы болду

Ал Бишкек — Ош унаа жолунун боюна орнотулду.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийлик жана тургундар катышты.
Эл алдында көрүнүктүү кызмат өтөгөн парваначы Койчу датка Жаман бий уулу 1812-1868-жылдары жашап өткөн. Тарых барактарында өз орду бар мамлекеттик саясий ишмер болгон. Кокон хандыгынын саясий тарыхында таасирдүү роль ойноп Шааркан, Ташкент шаарларынын беги болгон.




