Коом

ИИМ: “Ууру” рейдинин жүрүшүндө бир нече кылмыштын бети ачылды

Ушул жылдын 21-22-ноябрында ички иштер органдары тарабынан “Ууру” аталышындагы комплекстүү ыкчам-алдын алуу жана рейддик иш-чаралар өткөрүлдү.


Бул рейддик иш-чараларга кылмыш иликтөө бөлүктөрүнөн, коомдук коопсуздук кызматтарынан, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмдөрүнөн жана башка кызматтардан 2700дөн ашык кызматкерлер тартылган.
Ошондой эле, кылмыштарды аныктоо максатында калктуу пункттарга стационардык посттор коюлган. Бул мезгил аралыгында тартылган бөлүмдөр тарабынан 270тен ашык кылмыштын, анын ичинде мурда жасалган 170тен ашуун кылмыштын бети ачылган. Алардын ичинен 160тан ашыгы мүлктү уурдоо менен байланышкан кылмыштар болуп саналат. 770тен ашуун ар кандай объектилер, анын ичинде соода комплекстери, күрөөканалар, телефондорду жана зер буюмдарды сатып алуу жана сатуу жерлери текшерилген.


Ошондой эле 21-ноябрда “Ууру” ыкчам-алдын алуу иш-чараларынын жүрүшүндө Ош ОИИБнин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан мурда соттолгон жарандардан турган мал уурулук менен алектенишкен кылмыштуу топ кармалган. Алар Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айыл аймагында жасалган 13 бодо малдын уурдалышына тиешеси бар. Кылмышкерлер Баткен облусунун Кадамжай районунун аймагына жүк ташуучу унаа менен уурдалган малды алып кетишкен. Уурдалган малдарды сатып алуучу дагы кармалган. Аныкталган маалыматтар боюнча бул кылмыштуу топтун мүчөлөрү бир нече баш бодо малды “Opel Astra” үлгүсүндөгү унаага алмаштырышкан. Андан кийин ушул эле унаа менен 2 баш малды уурдашкан. Жаңы-Арык айыл аймагынын тургунуна таандык уурдалган малды Ноокат районунун аймагынан алып чыгып сатышкан.


22-ноябрда кылмыштуу топтун 4 мүчөсү, анын ичинде мал сатып алуучуда убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Соттун чечими менен баш коргоо чарасы камакка алуу түрү тандалды. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен алардын Кара-Суу районунун аймагында мал уурдоо боюнча 5 фактыга тиешеси бар экендиги аныкталган. Алардын башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси текшерилип жатат.
Андан сырткары, Майлуу-Суу ШИИБге жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Анда Майлуу-Суу шаарында жайгашкан дүкөнүнө белгисиз адамдар киришип, алтын зер буюмдарын, 134 уюлдук телефонду уурдап, дүкөндү күйгүзүп кетишкендигин билдирип, уурдап кеткен адамдарды таап, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган. Натыйжада жабырлануучуга 1 912 400 сомдук зыян келтирилген.


Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Жогорудагы кылмыштын бетин ачуу жана шектүүлөрдү аныктоо максатында ыкчам кызматкерлер тарабынан Майлуу-Суу шаарынын аймагында коңшу мамлекеттин жараны К.Ш. кармалган. Ошондой эле, уурулукту чогу жасаган жердеши аныкталып, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чаралардын натыйжасында уурдалган уюлдук телефондор жана алтын зер буюмдар менен чек арадан өтүп кетүүгө аракет кылып жүргөн жеринен С.С. кармалган. Кылмышка шектүүлөр Майлуу-Суу ШИИБдин убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
“Ууру” аталыштагы бул ыкчам иш-чаралар кылмыш фактыларын аныктоодон тышкары, алдын алуучу жана эскертүү мүнөзгө ээ жана укук бузууну жасоого өбөлгө түзүүчү себептерди жана шарттарды жоюуга багытталган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button