Коом

Балдардын жана аялдардын маселелерин этикалык жактан туура чагылдыруу боюнча билим берүүчү колдонмонун бет ачары өттү — ФОТО

Бишкекте аялдарга жана балдарга карата зомбулук жөнүндө теманы этикалык жактан туура чагылдыруу боюнча жаңы окутуучу колдонмонун бет ачары өттү. Бул колдонмо гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк глобалдык өнөктүктүн алкагында иштелип чыккан. Колдонмо студенттерди жана журналисттерди окутуу үчүн билим берүү программаларында пайдаланылса болот.

Журналистика, ошондой эле ЖМКлар боюнча учурдагы окуу программаларына жана билим берүү стандарттарына жасалган контент-талдоо, иштеп жаткан журналисттердин жана мамлекеттик органдардын басма сөз кызматтарынын өкүлдөрүнүн сунуштары колдонмонун өзөгүн түздү. “Колдонмо балдарга жана аялдарга карата зомбулук сыяктуу аяр теманы чагылдырууда журналисттерге жардам берүү максатында иштелип чыкты.

Колдонмону даярдоонун алкагында ЖМКларга жана Интернет-басылмаларга контент-талдоо жасалды. Бул талдоо көйгөйдүн актуалдуулугуна карабастан, бул тема боюнча маалымдуулук кыйла төмөн болгонун көрсөттү. Мындан тышкары, жалпыга маалымдоо каражаттарында зомбулук туура эмес чагылдырылган учурлар болууда, жабыр тарткандардын сүрөттөрү жана видеолору чыгып кетүүдө, зомбулукка күнөөлүүлөрдү же зомбулук фактысын кыйыр түрдө актаган учурлар кездешет.

Бул колдонмо журналисттерге ушундай каталарды кетирбөөгө жардам бермекчи”, — деди медиа-эксперт жана колдонмонун авторлорунун бири Авланбек Жумабаев.

Колдонмо факультатив катары билим берүү программасында пайдалануу үчүн сунуштама мүнөзүндө үч өнөктөш университетке берилет.

Ал окуу жайлары: Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети жана И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети. Маалыматты интерактивдүү түрдө жеткирүү максатында кыргыз жана орус тилдеринде подкасттардын сериясы даярдалды.

Бул подкасттарга өлкөдөгү журналисттер жана мамлекеттик органдардын басма сөз кызматтарынын өкүлдөрү катышты.

Колдонмону “Теңдик нуру” демилгесинин алкагында Кыргызстандагы ЮНИСЕФтин колдоосу менен “Медиа Формат” коомдук бирикмеси даярдады. “Теңдик нуру” – Кыргызстандагы аялдарга жана кыздарга карата гендердик зомбулукту токтотуу боюнча Европа Биримдиги менен Бириккен Улуттар Уюмунун биргелешкен демилгеси. Бардык материалдарды ЮНИСЕФтин сайтынан шилтеме боюнча көрүүгө болот.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button