Саясат

Кыргызстандын төрагалыгы алдында КМШга мүчө өлкөлөрдүн туруктуу өкүлдөрүнүн кеңеши өттү

30-ноябрда Минск шаарында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин аткаруу комитетинде шериктештикке мүчө-мамлекеттердин КМШнын уставдык органдарындагы жана башка органдарынын алдындагы Туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн Кеңешинин отуруму өттү.

КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, ага Кыргызстандын Беларустагы элчиси жана МШнын уставдык органдарындагы туруктуу өкүлү Эрбол Султанбаевдин төрагалык кылды.

Жолугушууда КМШ алкагындагы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

Ошондой эле КМШнын Туруктуу өкүлдөр кеңешинин кезектеги жыйынын үстүбүздөгү жылдын 13-декабрында өткөрүү жана Кыргызстандын туруктуу өкүлү Эрбол Султанбаевдин «Кыргыз Республикасынын КМШга 2023-жылдагы төрагалыгынын жыйынтыктары жөнүндө» маалыматын угуу чечими кабыл алынды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button