Коом

УКМКнын Чүй облусу боюнча Аламүдүн райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышы болду — ФОТО

Бүгүн, 2023-жылдын 6-декабрында Кыргыз Республикасынын УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын Аламүдүн райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын расмий ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, салтанаттуу иш-чарага  Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, генерал-лейтенант Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү К.С.Жумагазиев, Аламүдүн районунун акими Н.Ж.Тешебаев, улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери жана башкармалыктын өздүк курамы катышты.

Аталган бөлүмдүн жаңы имараты толугу менен заманбап техникалар менен жабдылып, аскер кызматкерлеринин өлкө коопсуздугун камсыздоо жаатында жемиштүү иштеши үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев департаменттин кызматкерлерин куттуктап, республиканын жетекчилиги эгемендүүлүк, аймактык бүтүндүк, улуттар аралык биримдик үчүн күрөштүн алдыңкы сабында турган ата-мекендик атайын кызматтардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча иш-чараларды мындан ары да уланта берерин белгиледи. Ошондой эле төрага  УКМК кызматкерлери уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөштө республиканын жетекчилигинин ички саясий багытын сапаттуу ишке ашырууну камсыздай турганын кошумчалады. Аны менен катар, УКМК төрагасы  Камчыбек Ташиев өткөн жумада салык маселесине байланыштуу болуп өткөн бир катар нааразычылык акциялары боюнча бир катар маани берүүчү жагдайларга токтолду.

Төрага Республика боюнча соода-базар комплекстеринин ээлери, бул ишмердүүлүктөн эбегейсиз киреше алып жаткан өлкөнүн эң бай адамдары экенин белгиледи. Бирок базарларда  жерди ижарага алып иштеп жаткан соодагерлер, контейнерлер үчүн ири суммадагы акча төлөп жатканы менен, алар үчүн көпчүлүк базарларда жөнөкөй шарттар жоктугу айтылды. Буга байланыштуу соодагерлердин ишин жеңилдетүү үчүн биринчи кезекте базар ээлери ижара акысын кеминде эки эсе арзандатышы керектигин төрага Ташиев белгиледи. Мындан тышкары, бардык чакан ишкерлер акысыз кантролдук  кассалык аппараттар менен камсыз болуусу шарттыгы айтылды. Ошондой эле УКМК төрагасы кыргыз элине кайрылып, ар кандай чагымчылдык аракеттерден  сак болууга чакырды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button