Коом
Salyk.kg мобилдик тиремеси ишке кирди

Ал «Салык төлөөчүнүн жеке кабинетинин» мобилдик версиясы болуп саналат.

Салык кызматы тиркеменин жардамы менен колдонуучулар онлайн режимде төмөнкүлөрдү жүргүзө аларын билдирди.
Салыктарды төлөөнү.
Электрондук патентти жана камсыздандыруу полисин тариздөөнү.
Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздар менен иштөөнү.
Карыздын же ашыкча төлөмдүн бар экендигин текшерүүнү.
Салык отчетторун нөлдүк көрсөткүчтөр менен тапшырууну.
Салык органдарынан маалымкат алууга суроо-талап жиберүүнү.
Катталган мүлк жөнүндө маалыматтарды алууну.




