Коом

УКМК: Коңшу мамлекеттен Кыргызстанга мыйзамсыз бодо мал алып келүү фактысы аныкталды — ФОТО

КР УКМК тарабынан республиканын аймагындагы аткезчилик ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча көрүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Талас облусунун аймагында коңшу мамлекеттен Кыргыз Республикасына мыйзамсыз ташылып келинген бодо малдар аныкталды.

Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз кызматынан билдиришти.

Үстүбүздөгү жылдын 6-декабрында Талас районунун чек ара тилкесиндеги Көпүрө-Базар айылынын “Агышай” жергесинде УКМКнын кызматкерлери менен КР УКМК чек ара кызматынын кызматкерлери тарабынан КР Т.Т.А. аттуу жаранынын 72 баш бодо малды (музоо, уй) Казакстан Республикасынан Кыргыз Республикасына мыйзамсыз алып өтүү аракетине бөгөт коюлду.

Учурда бул материал боюнча кылмыш иши козголуп, КР мыйзамдарына ылайык чараларды көрүү боюнча тергөө амалдары башталды, — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button