Коом

«Тазалык» муниципалдык ишканасы кыш мезгилине даяр

«Тазалык» муниципалдык ишканасы кыш мезгилине даяр, деп билдирет Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Шаардык жолдордун өтүүчү бөлүгүнөн карды 38 атайын унаа тазалайт.

Анын ичинен: МАЗ базасында кар тазалоочу 25 даана унаа, ЗИЛ-130 базасында кум чачуучу 1 унаа, 2 данаа фронталдык жүктөгүч, щетка жана күрөк менен 5 Беларусь трактору, «УКМ-2500» универсалдуу коммуналдык 5 автоунаа.

Аялдамалардан жана жолдордун жээгиндеги тротуарлардан карды тазалоо учурдагы жолдорду күтүү боюнча 715 жумушчу жана 121 жүк ташуучу тарабынан автосамосвалдарга кол менен жүктөө аркылуу ишке ашырылат.

Кыш мезгилине 1,5 тонна туз, 4 миң тонна жуулган кум даярдалып, кум эң акыркы чара катары колдонулат.

Оперативдүүлүк үчүн төмөнкү диспетчердик кызмат түзүлдү: 0 (312) 34 00 21.

Белгилей кетсек, күз-кыш тазалоо мезгили 1-ноябрдан башталып, марттын башында аяктайт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button