Коом

Кызыл-Кыя шаарында түн ичинде дүкөндөрдүн кулпусун бузуп, акча уурдаганга шектелип эки жаран кармалды

Кызыл-Кыя шаарындагы соодагерлер тарабынан темир сатуучу, курулуш буюмдарын сатуучу жана дары-дармек саткан дүкөндөргө ноябрь айынын аяк чендеринен баштап, түн ичинде кулпусун бузуп кирип, кассасында турган акчаларын белгисиз жарандар тарабынан уурдалып жаткандыгын билдирип, арыз менен кайрылышкан.  

Кызыл-Кыя ШИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) фактысы менен 8 арыз катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталат. Тергөө иштеринин жүрүшүндө жабырлануучуларга жалпысынан 138631сом зыян келгендиги такталган.

Кызыл-Кыя ШИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүп, кылмышка шектүү Ош облусунун Ноокат районунун 24жаштагы З.М.жана анын кылмыштуу шериги 18 жаштагы А.К. Кызыл-Кыя шаарынан аныкталып, кармалып убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат, — деп билдирди Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button