
Тиешелүү токтом бүгүн күчүнө киргени маалымдалды.
Документти өткөрүп берүүнүн жол-жобосу:
Россиядан сыртка чыгуу укугу убактылуу чектелген РФ жараны бул боюнча кабарланган күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде аны берген бийлик органына барат.
Чет элдик паспортту убактылуу чектөөнүн мөөнөтү бүткөнгө чейин же паспорттун мөөнөтү бүткөнгө чейин сактай турууга өткөрүп бериши керек.
Бул процедурада өткөрүп берүү-кабыл алуу актысы эки нускада түзүлөт. Анын бири жаранга берилсе, экинчиси каттоо жүргүзгөн органда калмакчы.



