Коом
Бишкектеги батирлердин биринин эшигине ташталган ымыркайдын абалы айтылды
Бишкекте батирдин босогосуна 5-март күнү белгисиз адамдар ымыркайды таштап кетишти. Бул боюнча маалымат каражаттарына видео чыкты.
Анда ымыркайдын жанында «Мен бага албайм. 2022-жылдын 1-мартында туулган» деп жазылган жазуу калтырылган. «Тез жардам» кызматынын кызматкерлери ымыркайды текшерип, Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна алып барышты.
Учурда “Эне жана баланы коргоо” улуттук борборунун Ара төрөлгөн жана оорулуу ымыкайлар бөлүмүнүн жетекчиси Сагынбү Абдувалиева ымыркайдын абалы тууралуу билдирди.
“Бала азыр дарыгерлердин көзөмөлүндө. Абалы жакшы, сүт ичүүдө. Свердлов районунун акимчилиги менен тийиштүү документтер түзүлүп жатат”, — дейт Абдувалиева.



