Коом

УКМК: Ысык-Көл облусундагы соода-базар комплекстеринин ижара акыларын арзандатты – ВИДЕО

Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, Кыргыз Республикасынын УКМКсы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык реформасын ишке ашырууга көмөк көрсөтүүнү улантууда, Ысык-Көл облусунун ири соода-базар комплекстеринин ээлери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, жыйынтыгында соода жайларынын ижара акысын 20 пайызга чейин  төмөндөтүү макулдашылды.

 Тактап айтканда, соодагерлер үчүн ижара баасын төмөндөтүү чечими Ысык-Көл облусундагы төмөнкү соода-базар комплекстеринин администрациялары тарабынан кабыл алынды:

— “Ак-Тилек плюс” СБКсы (Каракол шаарындагы азык-түлүк базары), А.Бараковго катталган;

— “Ак-Тилек” СБКсы (Каракол шаарындагы “кийим-кече”, “эт азыктары” жана “кургатылган жемиштер” базары), Д.Исаевге катталган;

— “Бугу” жана “Макиш” СБКсы (Каракол шаарындагы “жашылча базары”, “алтын зер буюмдары” жана “кийим-кече базары”); А.Рыскуловго катталган;

— “Ак-Тилек+5” СБКсы (Каракол шаарындагы “кийим-кече базары” жана “складдар”); Б.Өскөнбаевге катталган

— “Ак-Тилек+2” СБКсы (Каракол шаарындагы “азык-түлүк базары”), Т.Сакеевге катталган.

     Ошону менен бирге, Ысык-Көл облусундагы соода-базар комплекстеринин ээлери базарларда соода кылган карапайым ишкерлерге тиешелүү шарттарды түзүп берүү үчүн базарлардын инфраструктурасын жакшыртуу чараларын көрүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button