Айдын толук тутулуусун кантип байкай алдык?

7-сентябрдан 8-сентябрга караган түнү Кыргызстандын тургундары сейрек кездешүүчү астрономиялык кубулушундагы Айдын толук тутулушун байкай алышты.
Астрономдордун айтымында, жалпы көлөкөсү 1 саат 22 мүнөткө созулуп, эң чоң фаза Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 00:12 чамасында болгон. Бул учур Кыргызстандын дээрлик бүткүл аймагында ачык көрүнүп турду.
Ай тутулуучу учурунда Жердин көлөкөсү менен жашырылган Айдын атмосферасы, күн нурунун сынуусунан улам кочкул кызгыл түскө ээ болгон.
Өлкөбүздөн тышкары күн тутулуусу Азия, Европа, Африка, Антарктида, Инди океан жана Океанияда да бул көрүнүш байкалган. Айдын тутулуу учурунда эң укмуштуу көрүнүшү Евразиянын аймагында болгон.


Акыркы жолу Кыргызстандын аймагында Айдын толук тутулуусу жети жыл мурун болгон.



