Коом
Акылбек Жапаров: “Мындан ары электр энергиясы үчүн байлар байдай төлөйт”

“Биз капитализм куруп жатабыз да. Мындан ары байлар байдай төлөйт. Буларды ыкчам темп менен тарифтердин жогорулашы күтөт. Тарифтер дагы өзгөрүшү керек.
Алыскы, тоолуу жердегилер өзүнчө тариф болуп кала берет. Бирок этап-этабы менен акыры энергетика өздүк наркына жана рентабелдүүлүккө чыгуусу зарыл. Ансыз бизге инвестор келбейт. Министрлер кабинети колунда жокторго жардам
берүүгө даяр, бизде 200 миң муктаж үй-бүлө бар. Аларга тарифти ылдыйлатпасак дагы, субсидия бергенге даярбыз. Бирок калган 1 млн. 200 миң үй бүлө ушул тарифке көнүп башташы керек”, — деди өкмөт башчы.



