Депутат Надира Нарматова: Ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоочу ички соода жөнүндө мыйзам абдан зарыл

КР Жогорку кеңештин депутаты Надира Нарматова ата-мекендик өндүрүштү колдоо боюнча мыйзам тууралуу жеке пикирин билдирди.
-Бул учурдун көйгөйлүү талабы. Болгондо да бул кечигип алынып чыгып жаткан мыйзам. Эгемендикке жеткен 31 жыл ичинде ата мекендик өндүрүүчүлөрду реалдуу колдогон абал быйылкыдай боло элек.
Быйылкы 2022-жылдын эсебинен айыл чарба кластерлерин колдоо багытында 10 млрд. сом бөлүп берүү дагы биздин комитет тарабынан өткөн. Ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо багытында азыр талкуулап жаткан мыйзамды кабыл алып, куралдантып бербесек, алардын иштеринин жыйынтыгы болбой жатат.
Ошондуктан бул мыйзам долбооруна баарыбыз сергек мамиле жасап, көтөрүлүп жаткан маселелердин бардыгын колдоп беришибиз зарыл. Ушу күнгө чейин соода түйүндөрүнө кирген ар бир товар үчүн 40 миң сом, 15 пайыз ретро бонус төлөө, башка маркетинг кызматтары үчүн акча төлөө мыйзамдуубу? Качанга чейин биз өз ата мекендик өндүрүүчүлөрүбүздү колдобой жүрө беребиз?- деди эл өкүлү.



