Коом

“Ала-Тоо” аянтына Кыргызстандын өзгөртүлгөн желеги салтанаттуу көтөрүлдү

Бишкектеги Ала-Тоо аянтында жаңы желек салтанаттуу көтөрүлдү. Аземге Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.

Эске сала кетсек, 2023-жылдын 22-декабрында президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган “КР мамлекеттик символдору жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР мыйзамына кол койгон.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкы символдорунун бирин – Кыргыз Республикасынын туусун жакшыртуу максатында кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзам менен Кыргыз Республикасынын туусундагы күн нурунун толкун сымал формасы түз болуп өзгөртүлгөн.

Бул ирет парламент тарабынан кабыл алынып, президент кол койгон дизайндагы туу илинди.

Эскерте кетсек, 1-январда борбордук аянтка башкача дизайндагы желек илинген болчу. Бул социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратып, нааразычылыктар менен коштолгон.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button