Маданият

“Дордой-Номадда” “Көчмөн жылдыз” сынагы жана мода көргөзмөсү өтүүдө

4-сентябрда “Дордой-Номад“ этномаданий комплексинде VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында уюштурулуп жаткан маданий иш-чаралар уланууда.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, иш-чаранын жүрүшүндө ”Көчмөн жылдыз“ чыгармачылык сынагы өтүп, ага ар түрдүү өлкөлөрдөн келген таланттуу аткаруучулар катышууда. Катышуучулар өздөрүнүн музыкалык жөндөмдөрүн көрсөтүп, көрүүчүлөргө улуттук жана заманбап чыгармаларды тартуулашууда.

Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында мода көргөзмөсү уюштурулуп, анда улуттук колоритти камтыган заманбап кийим үлгүлөрү тартууланды. Дизайнерлер салттуу элементтерди заманбап мода менен айкалыштырып, улуттук маданияттын өзгөчөлүгүн чыгармачылык аркылуу көрсөтүштү.

Мындай маданий иш-чаралар Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында элдердин ортосундагы маданий байланышты бекемдөөгө, улуттук баалуулуктарды жайылтууга жана чыгармачылык багыттагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган

Тектеш кабарлар

Back to top button