Маданият
Кырчын жайлоосунда “Көчмөндөр ааламы” этношаарчасы 10-сентябрга чейин ачык болот

5-сентябрда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасы жыйынтыкталат. Ал эми 6-сентябрь тазалык күнү (санитардык күн) деп жарыялангандыктан, келүүгө болбойт.
Этношаарча 7-сентябрдан 10-сентябрга чейин кайрадан конокторду кабыл ала баштайт.
Белгилей кетсек, Кырчынга чейин акысыз каттаган шаттл-бастар 5-сентябрга чейин гана жүрөт. Андан кийин ал жакка жеке унаалар менен барууга туура келет.



