Коом

Баткенден аткезчилик жол менен асыл тукум малдарды алып чыгып бараткан жаран кармалды

    Баткен РИИБдин Кара-Бак айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, чек ара кызматкерлери менен биргеликте Баткен районунун Кызыл-Бел айылынын 48 жаштагы К.С. аттуу тургунун 2024-жылдын 8-январь күнү түнкү саат 03.00 чамасында Кара-Бак айыл аймагына караштуу Кызыл-Бел айылындагы "Ганжак" участкасынан коңшу өлкөгө 5 баш асыл тукум ийри мүйүздүү малдарды айдап бара жаткан жеринен кармады.

    Бул факты Баткен РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button