Коом

«Апрель революциясынын баатырларынын» жөлөк пулу көбөйдү

«Апрель элдик революциясынын баатырларына» берилүүчү жөлөк пул көбөйтүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Аталган категориядагы жарандар буга чейин 3 миң 700 сом алышса, эми 4 миң 500 сом алат.

Министрлик маалыматында, жөлөк пул 411 адамга берилет.

Алардын 194ү —  18 жашка чейинки балдар, 215и — майыптыгы бар адамдар жана аталган окуяда каза болгон эки жарандын ата-энеси.

Белгилей кетсек, 2021-22-жылдары чек арада каза болгон жарандардын үй-бүлөсү дагы «Апрель элдик революциясынын баатырларына» берилүүчү жөлөк пулду алышат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button