Окуялар

Жапайы жаныбарларды аткан жаран 3 жылга мергенчилик кылуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылды

Чүй облусунун тургуну Кемин районунун тоолорунан жапайы жаныбарларга мыйзамсыз мергенчилик кылганы үчүн кармалды. Бул тууралуу Жаратылыш, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, ал эки баш каман, бир баш элик, эки кыргоол, бир кекилик атып колго түшүрүлгөн.Кармалган жаран Кемин РИИБине жеткирилген. Ага жаратылышка келтирген зыяны үчүн 212 миң сом айып салынып, аны өз ыктыяры менен төлөп берген.

“Ал эми мыйзамсыз колдонуп жүргөн куралы райондук милицияга тапшырылып, 3 жылга мергенчилик кылуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылды”, — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Back to top button