Коом

Алия Шагиева атасы Алмазбек Атамбаев менен түшкөн сүрөтүн жарыялады

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева социалдык тармактагы баракчасына атасы менен түшкөн сүрөтүн жарыялады.

Ал сүрөткө кыска, мындай деп жазган:

«Кимдир бирөө үчүн сүйүктүү президент, кимдир бирөө үчүн чоң ысым. Мен үчүн болсо — менин сүйүктүү, камкор ата».

Жарыяланган сүрөттө экс-президент кызы менен сейилдеп жүргөн учурда тартылган.

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды 2011-жылдан 2017-жылга чейин жетектеген. 2019-жылдын август айында болгон Кой-Таш окуяларынан кийин ага карата бир нече кылмыш иши козголгон. Ар кайсы жылдары ал кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу, Кой-Таш окуялары, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо жана башка иштер боюнча айыпталуучу катары өткөн.

2023-жылдын февраль айында Жогорку соттун чечиминен кийин Атамбаев бошотулуп, дарылануу үчүн Испанияга чыгып кеткен.

Тектеш кабарлар

Back to top button