Коом
Бишкекте муниципалдык автобустардын айдоочулары 170 миң сомго чейин айлык алышат

1-апрелден тартып муниципалдык автобустардын айдоочуларынын айлыгы жогорулатылганын «Биринчи» радионун эфирде Талантбек Капаров билдирди.
Анын айтымында, айдоочулардын айлыгы 80 миңден 110 миң сомго чейин жетет. Жогорку көрсөткүчтөргө ээ болгон айдоочулар болжол менен 170 миң сом алышкан.
«Айдоочулардын саны дагы көбөйөт, анткени курам кеңейтилүүдө. Эмгек акы жана иштөө шарттары жакшы. Автопарктар жаңыланып, бардык керектүү шарттар түзүлгөн. Көптөгөн айдоочулар план аткаруу талабына нааразы болушчу. 1-июлдан тартып бул пландар толугу менен жоюлат», — деди ал.
Ошондой эле ал D категориясындагы айдоочулук күбөлүгү бар тажрыйбалуу айдоочуларды Бишкек шаардык транспорт ишканасына жумушка орношууга чакырды.



