Окуялар

Чолпон-Атада курал-жарак катылган жай табылды

УКМК кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында Чолпон-Ата шаарынын айланасынан, мурда жоюлган уюшкан кылмыштуу топтун лидери К.Асанбекке таандык болгон объекттин жанынан курал-жарак катылган жай табылды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдирди .

Окуя болгон жерди кароо учурунда 4 даана кесилген мылтык (обрез), бир даана согуштук револьвер, ошондой эле дагы башка куралдар жана беткаптар алынган.

Ыкчам маалыматтарга ылайык, аталган жашыруун жай мурда мыйзамсыз аракеттерди жасоодо ок атуучу курал колдонгон К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү тарабынан пайдаланылып келген.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылып, тиешелүү соттук экспертизалар дайындалды. Иштин бардык жагдайларын жана тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button