Коом

Депутат: Юрьевка айылынын тургундары 10 күндөн бери суусуз калып жатат

Ысык-Ата районунун Юрьевка айылынын тургундары 10 күндөн бери ичүүчү суусуз калып жатканын Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бахридин Шабазов билдирди.

Анын айтымында, оңдоо иштерине байланыштуу сууну бир-эки күнгө өчүрүп коюуну түшүнсө болот.

«Бирок жергиликтүү тургундарды 10 күн бою ичүүчү суусуз калтырууга болбойт. Айылдын же райондун жетекчилери өздөрү да 10 күн суусуз жашап көрсүн. Бул маселени тез арада чечип, калкты суу менен камсыз кылуу зарыл», — деди депутат.

Тектеш кабарлар

Back to top button