Коом
27-апрелге карата аба ырайы
Бейшембиде күндүз Ош, Баткен облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Нарын өрөөнүнүн айрым жерлеринде өткүн өтүп, жамгыр жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +24…+29, Талас өрөөнүндө +21…+26, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +25…+30, Ысык-Көлдө +16…+21, ал эми Нарында +15…+20 градуска жогорулайт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +25…+27, Ошто +28…+30 градуска жетет.



