Коом

УКМК: “Фейсбукта” провокациялуу маалыматтарды жарыялаган жаран аныкталды

Бул туурасында УКМКнын Басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматта айтылгандай, КР УКМК тарабынан К.К. аттуу КР жаранынын “Фейсбук”   социалдык түйүнүндө КР Кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган кылмыш иши болуп саналган, региондорго таандык белгилери боюнча жарандардын өзгөчөлүгүн пропагандалоого багытталган тенденциялуу, провокациялык материалдарды жарыялаган ишмердиги аныкталып, ага бөгөт коюлду.

2024-жылдын 09-январында К.К.нын үйүндө тинтүү жүрүп, КРде аймактар аралык тынчтыкка жана ынтымакка каршы кылмыш жасоого колдонулган, буюм далили катары уюлдук телефон табылып алынган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button