Саясат

АКШдан келген акчаларга азгырылбай, Жаңы Конституцияны колдойлу

11-апрелде өтө турчу Конституциянын долбоорун өзгөртүү боюнча Референдум болот. Октябрь окуяларынан кийин бийликке келген Жапаров ишин алгач Конституциядан өзгөртүүдөн баштаарын, эгерде ал өзгөрсө башка иштердин бүтүшү оңой болорун билдирген.

 Бирок, анын кайсы беренелери кандай болуп өзгөрөрүн билбей, укпай туруп эле айрым бейөкмөт уюмдар, кээ бир юристтер каршы болуп чыгышты. Алар бул баш мыйзам кабыл алынса бийлик бир колго топтолуп, хандык башкарууга түздөн-түз жол ачат-деген шылтоону айтып жатышат. А негизи мунун артында АКШнын саясаты жатканын көбү жакшы билет.

АКШ биздин Конституцияга күйүп-бышып, ушунчалык жаны кейип жатканы бекеринен эмес. Бизде митингдер болгондо, бул укук үчүн күрөш болот дагы, өздөрүндө болгон митингдер баары-ички терроризмге багытталган. АКШ биздин Конституцияны талкуулап бүтпөй койду.

Булар Евросоюзга кирген бир да башка өлкөгө мурундарын тыга алышпайт, себеби алар жакын жолотушпайт. Бизде бейөкмөт уюмдарда иштегендер АКШ каржылаган долбоорлорду эмнеге, эмне үчүн деп сереп салбай эле, акча берсе болду дешип, алар эмне деп буйрук  беришсе ошол тапшырманы аткарып иштей беришет.

Ал эми ушу турган Өзбекстан, Казакстан мамлекеттин кызыкчылыгана каршы келген, улуттук баалуулуктарды талкалаган бир да долбоорду миллион акча беребиз дешсе да жакын жолотушпайт. Андыктан алы жеткендери эле биз.

АКШ керек болсо биздин өлкөнү коронавируска байланыштуу кырдаал менен манипуляция кылышууда. Алар кырдаалды атайын солкулдатып жатышат. Андыктан, биздин мамлекет ар кайсы өлкөнүн тукуругуна кирбей өз тагдырыбызды өзүбүз чечишибиз керек. Президенттик башкарууну тандаган 80 пайыз элди сыйлайлы. Эгерде туура эмес жагдайлар орун алса, эл деген сел, бат эле ордуна коюп койот. Эки-үч жылдын ичинде жыйынтыгы билинбесе, кийин ошол Конституцияны кайра өзгөртсө неге болбосун. Азыркы өнүккөн мамлекеттер деле он чакты жолу өзгөртүп атып ушул кунгө жетишкен.

Андыктан Кыргызстандын келечегин ойлосок батыштан, АКШдан келген акчаларга азгырылбай Конституцияны колдойлу!

Сабырбек Абдылдабеков

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button