Дүйнө
Япониянын калкы акыркы беш жылда 3 миллиондон ашык адамга кыскарды

Япониянын калкы дээрлик 123,05 миллион адамды түзүп, беш жыл мурдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 3 миллион 90 миң адамга азайды. Бул тууралуу Yomiuri Shimbun 2025-жылдагы улуттук эл каттоонун алдын ала жыйынтыктарына таянып жазды.
Маалыматка ылайык, өлкөнүн калкы 2020-жылдагы эл каттоого салыштырмалуу 2,5 пайызга кыскарган. Японияда калктын саны 2015-жылдан бери үзгүлтүксүз азайып келе жатат, ал эми акыркы беш жылдагы төмөндөө эң жогорку көрсөткүч болуп калды.
Калктын азайышы өлкөнүн 45 префектурасында катталды. Өсүш болгону Токио жана Окинава аймактарында гана байкалган.
Мурда калкы көбөйүп жаткан Сайтама, Тиба жана Канагава префектураларында да бул жолу калктын саны азайганы белгиленди.



