Дүйнө

БУУ: Жакынкы беш жылда дүйнөдө рекорддук ысык катталышы мүмкүн

БУУнун Дүйнөлүк метеорологиялык уюму (ДМУ) Улуу Британиянын Метеорологиялык бюросу менен биргеликте даярдаган баяндамада жакынкы беш жыл ичинде дүйнө жүзүндөгү абанын орточо температурасы рекорддук деңгээлде калаары, ал эми айрым аймактарда жаңы температуралык рекорддор коюлары айтылды.

Божомолдорго ылайык, 2026–2030-жылдар аралыгында жылдык орточо температура 1850–1900-жылдардагы көрсөткүчтөрдөн 1,3–1,9°C жогору болот.

Изилдөөчүлөрдүн эсебинде, 2026–2030-жылдардын аралыгындагы жок дегенде бир жыл 2024-жылдын көрсөткүчүнөн ашып өтүп, байкоолор тарыхындагы эң ысык жыл болуп калышынын ыктымалдыгы 86 пайызды түзөт.

Ошондой эле 2026–2030-жылдардын ичинде жок дегенде бир жылда орточо температуранын деңгээли 1850–1900-жылдардагы көрсөткүчтөрдөн убактылуу 1,5°C жогору болушунун ыктымалдыгы 91 пайыз деп бааланууда. Бул чек 2024-жылы эле убактылуу ашып кеткен. Анда дүйнөлүк орточо температура индустрияга чейинки деңгээлден болжол менен 1,55°C жогору болгон.

Баяндамада Тынч океандын борбордук тропикалык бөлүгүндөгү (Ниньо 3.4 аймагы) суунун орточо температурасы климаттык Эль-Ниньо кубулушунун өнүгүшүнө шарт түзөрү, өзгөчө 2027 жана 2028-жылдары анын таасири күчөшү мүмкүн экени белгиленген.

Баяндаманын башкы автору, Леон Хермансон, «2026-жылдын аягында Эль-Ниньо кубулушу кайрадан пайда болот деп күтүүдөбүз. Бул 2027-жылдын температура боюнча жаңы рекорд коюу мүмкүнчүлүгүн жогорулатат», — деп билдирген.

Тектеш кабарлар

Back to top button