Саясат

Садыр Жапаровдун Астанага болгон жумушчу сапары аяктады

Президент Садыр Жапаров Астанага болгон жумушчу сапарын аяктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Сапардын биринчи күнүндө Садыр Жапаров Евразия экономикалык бирлиги өлкөлөрүнүн делегация башчылары, байкоочулар жана ардактуу коноктор менен бирге V Евразиялык экономикалык форумдун ишине катышты.

Мамлекет башчысы форумда сүйлөп жатып, жасалма интеллект мамлекеттердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн аныктоочу негизги факторго айланып жатканын жана мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын, натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуунун маанилүү куралы экенин белгиледи. Ошондой эле Кыргызстанда жасалма интеллектти салык жана башка системаларга киргизүү боюнча жетишилген ийгиликтер тууралуу айтты.

Форумдун алкагында уюштурулган Alem.ai Эл аралык жасалма интеллект борбору борборундагы көргөзмөгө да катышуучулар барышты. Анда ЕАЭБ өлкөлөрү мамлекеттик башкарууну оптималдаштыруу, санариптик экономиканы өнүктүрүү жана жасалма интеллект технологияларын мамлекеттик системаларга киргизүү боюнча өздөрүнүн инновацияларын көрсөтүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө бир катар документтерге кол коюлду.

29-майда Садыр Жапаров Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин тар жана кеңейтилген курамдагы жыйындарына катышты. Президент өз сөзүндө ЕАЭБ жалпы рыноктун гана эмес, технологиялык өнөктөштүктүн, биргелешкен инновациялардын жана жаңы өсүү чекиттерин түзүүнүн аянтчасы боло аларына ишенимин билдирди.

Садыр Жапаров Бишкек шаарына кайтып келди.

Тектеш кабарлар

Back to top button