Коом
Бишкектин түштүк тарабындагы тоолорду бойлой 14 чакырымдык веложол курулат

Трасса Байтик айылынан Кашка-Суудагы Baytik mountain resort курортуна чейин созулат. Ортосундагы Ала-Арча дарыясына эки көпүрө салынат, бири мурдагы көпүрөнүн ордуна, экинчиси жаңы жерде.
Туризмди өнүктүрүү фонду долбоорго унаа жана велосипед токтотуучу жайлар кирерин билдирди. Курулуш иштери быйыл жазда башталат.



