Коом

БШК: Шайлоодо бир шайлоочу бир гана талапкерге добуш бере алат

Бүгүн, 26-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Айдана Жупуева «Кабар» агенттигинин түз эфиринде мөөнөтүнөн мурда өтө турган парламенттик шайлоонун эрежелери тууралуу түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, коомчулукта “бир округдан 3 депутат шайланса, бир шайлоочу үчөөнө тең добуш бере алабы?” деген суроолор жаралууда. Бирок Жупуева муну тактап, шайлоодо «бир шайлоочу — бир добуш» принциби иштей турганын баса белгиледи.

«Эгер шайлоочу бюллетенде бирден ашык талапкерди белгилесе, анда ал жараксыз деп табылат. Ошондуктан, ар бир шайлоочу бир гана талапкерге добуш бере алат», — деди ал.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш VII чакырылыштагы депутаттары 25-сентябрда өз ыктыяры менен парламентти таратуу чечимин кабыл алышкан. Мөөнөтүнөн мурдагы шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына белгиленген.

Тектеш кабарлар

Back to top button