
Ырчы Нурчолпон эмне үчүн соцтармактардан алыстап кеткенин айтты. Анын айтымында, ал учурда депрессияда жүрөт.
Окуя 2021-жылдын март айында башталган.«Аскердик оркестр жол кырсыкка кабылып, кесиптешимди жоготтум. Андан бир нече айдан кийин ырдап жатканда полковник кол салды. Мен ошондо өз өлкөмдө корголбогондой сездим. 4 жыл иштеген аскердик оркестрден кеттим», — деди ал.
Ал ошондой эле консерваториянын опера бөлүмүн бүтүрүп жатканын, күндүз иштеп, кечинде опера жазганын, интернеттен алыстап кеткенин айтты. «Жоопкерчилик чоң болду, себеби буга чейин консерваторияны опера менен эч ким бүткөн эмес. Ага катар кыргыз киносу үчүн музыка жазам. Стресстен улам соцтармакка кол тийген жок. Эч нерсеге карабастан операны жазып бүтүп, дипломду артыкчылык менен жактадым», — деди ал.
Ал Японияга стажировкага кеткенин, баары өзгөргөнүн айтты.



