Коом
ЖКККББ эскертет:Коюу туман түштү, сак болгула!
Аба ырайы кескин өзгөрүп, коюу туман каптап жаткандыгына байланыштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыгы (ЖКККББ) айдоочуларга кайрылып, жолдо сак болууга чакырды.
ЖКККББ айдоочуларды төмөнкү эрежелерди так сактоого чакырат:
- жолдордун тайгактыгын же кечкисин жол тыгыны пайда болушун эске алып, бара турган жериңизди пландоо менен жолго 20-30 мүнөт эртерээк чыгыңыз;
- унааңызды жүргүзүү учурунда кышкы дөңгөлөгүнө, кыймылдаткыч майына, терезе арчыгычтардын иштөөсүнө жана жалпы техникалык абалына көңүл буруңуз;ж
- жолдо жүрүү учурунда ылдамдыкты көрсөтүлгөн белгиден ашырбаңыз;
- алдыдагы унаа менен болгон аралыкты сактаңыз;
- ашып өтүүдө же маневр жасоо учурларында карама-каршы багыттагы келе жаткан унаага көңүл буруу менен шашылбай чыгыңыз;
- алыскы жолго чыга турган болсоңуз сөсүз түрдө дөңгөлөкө оролуучу чынжырларды же кошумча дөңгөлөктөрдү алып алууну унутпаңыз.
Жол кыймылынын коопсздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жолдордогу мындай катаал кырдаал 3-4 күнгө чейин уланаарын эскертип, жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат.



