Коом

Фейктер менен күрөшүү учурдан талабы. Митингди колдогон саясатчылардын канча фейк-аккаунту бар?

Бүгүн, 29-июнда, Бишкекте «#Reакция 3.0» деп аталган нааразычылык акциясы өтө тургандыгын аны уюштургандар бир канча күндөн бери эле айтып, коомчулукту чакырып келатышкан. Уюштуруучулар бул митинг “Маалыматты манипуляциялоо тууралуу” мыйзам долбооруна каршы уюштурулуп жаткандыгын, жүрүш «Эркиндик» сейил багынан башталып, парламент имаратынын жанында жыйынтыкталарын белгилеп келишкен.

Элдин бары азыркы тапта тарап жаткан вирустан кантип сактануунун айласын таппай, элди чогулбагыла деп мэрия эскертип, бул жерлерде дезинфекция иштери жүрөөрүн айткандыгына карабастан, аталган мыйзам сөз эркиндигине карама-каршы келет деген топтор чогулушту. Чогулгандарюдын саны 200-300 дөн ашыгыраак, дагы 50гө чукул журналисттер жана эмне болуп жатат деп кызыгып барып калгандар.

Фейк акаунттарга каршы мыйзам долбоору эмне себептен  эл арасында чуу жаратып жатат? Карап көрсөк, топтолбогула деп тыюу салынгандыгына карабастан, топтолгондордун арасында эзели митингдерден башы чыкпай келген Текебаев, гейлердин укугун коргоп келген Улан Үсөйүн сыяктуулар бар. Буга чейин сөз эркиндиги тууралуу деле кыйратып үн ката элек Текебаев да алардын катарына кошулду. Шайлоо алдындагы аттуу-баштуу саясатчынын фейк аккаунттарды тымызын коргоп, сөз эркидигин бетине кармаганы популизмге эле окшошуп калды. Антпесе, Текебаев митингге келип жаңы кошулганда аны кошкусу келбеген жаштар да чыкты. Ал эми мыйзам тууралуу айтсак, бул мыйзам долбоору талкууга коюлуп, коомчулукта көп талкуулар болуп келди. Мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде жарандардын, юридикалык жактардын жана мамлекеттин укуктары менен эркиндиктерин, аларды интернет мейкиндигинде жайылтылып жаткан жалган, же так болбогон маалыматтардан коргоону камсыздоого багытталган деп мыйзам долбоорунун максаты белгилеген. Бирок, мурда эмнегедир унчукпай келгендер, оору күчөп турган учурда чуулдап чыга калышып, сөз эркиндиги бузулуп жаткандыгын айтып чыга калышты. Көбү соцтармактарда фейк-аккаунттар менен жазбаганды жазып, мыйзам долбоорунун демилгечилерин жакшы эле сынга алышты.

Фейсбукта фейктер көп экен. Мыйзамга каршы чыккандар соцжелелерде абдан көп болуп жатышты эле, чогула келгенде алардын саны интернетте жазгандардан аз болуп чыкты. Мындан кандай жыйынтык чыгарсак болот?

Демек, бул жерде чогулгандардын бардыгынын кеминде эле 8-10дон фейк аккаунттары бар. Булар коомдук талкуу жаратуу үчүн ошол фейк аккаунттары аркылуу элдин башын айландырып келатышат. Интернеттеги фейк аккаунттардын дээрлик 80-90 пайызы митингге чыккан айрым саясатчылардын жана  айрым саясатчылардын тарапташтарынын аккаунту деп билсек болот.

Атын ачык чыгарып, коомго ачык чыксын, ачык талкууга чыксын дегендин эмнеси жаман?! Мыйзам долбоорду жактагандардын пикиринде  интернет айдыңында жалган ат менен же болбосо фейк-аккаунт менен катталып алгандар каалагандай маалыматтарды чыгарып, айрымдарды шылдыңдап, жок күнөөнү жазышат, алар тууралуу так маалымат жок болгондуктан жалган жалаасына кабылгандар сотко дагы кайрыла албайт экен.

Кыскасы, митинг уюштуруу менен айрым саясатчылар, вирус жок деп кыйкырган айрым аттуу-баштуу адамдардын тарапташтары, атасынын былыгын жаба албай жаткан АШАчылар, ал ортодо митингге бара калган Текебаевдердин фейк аккаунттар менен элдин башын айлантса болот дегенди түшүнсө болот.   Демократиянын маани, маңызын түшүнбөгөн жаш балдар, кыздарды алдап алдыга салып, фейк аккаунттар менен элдин мээсин айланткан учур өтүп баратканын эл унутпаса.

Азыр митинг деп атып, канчалаган адамдын убалына калдыңар?! Эми дагы канчасынын өмүрүн тобокелге салууну каалап жатасыңар?! Фейк маалыматтарга тыюу салуудан неге коркуп, чочулап жатышат, коркунучуңар жок болсо, фейктерге жашынбай, ачык  чыккыла. Коомдун оюн тетири бургандар жалаң ушундай фейк аккаунттар экенин билебиз.  А бул мыйзам элге керек. Так ушул силерге окшогон фейк-аккаунттар менен күрөшүү учурдун талабы. Ал эми айрымдар бул мыйзамды толук окубай туруп үстүртөн фейктер маалыматтар менен элдин башын дале  айланып, маалыматты тескери буруп келе жатканы өкүндүрөт.

Айдар Касымов

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button