2025-жылдын жыйынтыгы: милиция кызматындагы заманбап техникалар

Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти.
2025-жылы Ички иштер министрлиги ички иштер органдарын заманбап техникалар менен камсыздоо багытында маанилүү кадам жасады. Өлкө боюнча ички иштер органдарына жалпы 600 ашык жаңы кызматтык автоунаа тапшырылып, милициянын материалдык-техникалык базасы мурда болуп көрбөгөндөй деңгээлде жаңыланды.
Бул автоунаалар заманбап техникалык талаптарга толук жооп берип, кызматтык милдеттерди натыйжалуу аткарууга багытталган. Алардын катарында “JAC”, “JEEP”, “BMW”, “Lexus”, “Toyota”, “Chevrolet Cobalt”, “Hyundai”, “KIA”, “Changan”, “Lixiang” “ГАЗ Соболь”, “Лада Нива Легенда” сыяктуу дүйнөлүк жана ата-мекендик бренддердеги унаалар, ошондой эле күжүрмөн техникалар, мотоциклдер бар. Бардык транспорт каражаттары ИИМдин борбордук бөлүктөрүнө жана аймактардагы ички иштер органдарына ырааттуу түрдө бөлүштүрүлдү.
Ошондой эле, жайкы туристтик мезгилде жарандардын жана чет өлкөлүк коноктордун коопсуздугун камсыздоо максатында Ысык-Көл облустук милициясынын туристтик-экологиялык батальону да заманбап техника менен камсыздалды. Ата-мекендик өндүрүштөн чыккан жолтандабастар, квадроциклдер, кичи автобустар, атайын чиркегичтери менен жабдылган үстү ачык жана жабык суу катерлери, скутерлер туристтик аймактарда коопсуздук деңгээлин жаңы баскычка көтөрүүгө өбөлгө түздү.
Учурда кышкы туристтик мезгилде коопсуздукту камсыздоо, жарандарга, эс алуучуларга ыкчам жардамдарды берүү үчүн кошумча карда жүрүүчү атайын техникалар алынып, аймактарга жиберилди.



