Коом
Оштун тургундарына газ жетпей, жер үйлөргө чектөө киргизилди
Бакыт Төрөбаевдин айтымында, Өзбекстанда дефицити жаралгандыктан Кыргызстанга тийиштүү көлөмдө бере албай жатат.
“Бүгүнкү күндө жер үйлөрдө газга чектөө коюп жатабыз, анткени көп кабаттуу үйлөрдү, газ менен жылытуучу имараттарды камсыз кылышыбыз керек. Мындан улам электр энергиясына чектөө киргизбөө тапшырмасын бердик. Бир аз чыдап коюш керек, жер үйлөрдө анча-мынча отун-көмүрү бар”, — деди өкмөт башчынын орун басары.



